“Жергиликтүү жамааттын жарандык бюджети”
ресурсунун купуялык саясаты

www.gb.minfin.kg электрондук ресурстун администрациясы купуялыгыңызды сактоого милдеттенет. Сиз берген маалыматтардын сакталышына жана коопсуздугуна чоң маани беребиз. Биздин купуялык саясатыбыз Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 “Жеке маалымат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына негизделген. Жеке маалыматтарды чогултуунун максаттары: биздин кызматтын ишин өркүндөтүү, ушул порталга киргендер менен байланыш түзүү, ушул порталдын ишмердүүлүгүнүн багытына, ошондой эле төмөндө белгиленген аракеттерге байланыштуу кызматтарды көрсөтүү.


Жеке маалыматтарды чогултуу жана колдонуу

Сиздин жеке маалыматыңызды сиздин ыктыярдуу макулдугуңуз болгон учурда гана колдонобуз. Эгер сиз буга макул болсоңуз, анда сиз төмөнкү маалыматтарды топтоого жана колдонууга уруксат бересиз: аты-жөнү, фамилиясы, жынысы, телефон номуру, жашаган жери жана туулган күнү. Сиз жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.


Маалыматтарды сактоо, өзгөртүү жана жок кылуу

www.gb.minfin.kg ресурсунда маалыматын сактаган колдонуучу аларды өзүнүн профилинде өзгөртүп, жок кылууга укуктуу. Сиздин жеке маалыматтарыңыздын сакталуучу мөөнөтү: маалыматты порталдын негизги иш-аракеттери үчүн колдонууга кеткен убакыт. Сизге тиешелүү маалыматтарды колдонуп бүткөндөн кийин, порталдын администрациясы аны жок кылат. Жеке маалыматтарыңызга жетүү үчүн ресурстун администрациясына төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Шевченко көч., 114. Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси, тел.: + 996 312 97-65-30, + 996 312 97-65-31, e-mail: gb.minfin.kg@mail.ru


Балдар тарабынан маалымат берүү

Эгер сиз ата-эне же камкорчу болсоңуз жана балдарыңыз сиздин жеке маалыматыңызды сиздин макулдугуңуз жок бергенин билсеңиз, дароо биз менен байланышыңыз: «ӨСИ» КБ, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Шевченко көч., 114. тел.: + 996 312 97-65-30, + 996 312 97-65-31, e-mail: gb.minfin.kg@mail.ru

Ата-энелеринин же камкорчуларынын макулдугу жок жашы жете элек балдардын жеке маалыматтарын биздин порталга калтырууга таптакыр тыюу салынат


Cookies колдонуу

Мазмунду туура көрсөтүү жана порталды колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн, биз cookie файлдарды колдонобуз. Бул сиздин түзмөгүңүздөгү сакталган кичинекей файлдар. Алар электрондук булакка сиз жөнүндө маалыматты эстеп калууга жардам берет, мисалы, кайсы тилде сайтты же порталды көрүп жатасыз жана кайсы баракчаларды ачтыңыз, бул маалымат кийинки жолу барганда пайдалуу болот. Cookies файлдары порталды карап чыгууну кыйла ыңгайлуу кылат. Бул файлдар жөнүндө кененирээк бул жерден окуй аласыз: https://ru.wikipedia.org/wiki/Cookie. Cookie кабыл алууну же бөгөттөөнү өзүңүздүн браузериңизден өз алдыңызча жөндөсөңүз болот. Cookie кабыл албай койсоңуз, порталдын иштешин чектешиңиз мүмкүн.


Башка электрондук булактарга шилтемелер

Биздин www.gb.minfin.kg ресурсу биз башкарбаган башка электрондук булактарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Биз алардын мазмуну үчүн жооптуу эмеспиз. Эгер бар болсо, сиз кирген ар бир электрондук булактын купуялык саясаты менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.


Купуялык саясатына киргизилген өзгөртүүлөр

Биздин www.gb.minfin.kg ресурсу мезгил-мезгили менен купуялык саясатын жаңыртып турушу мүмкүн. Биз бул баракчага жаңы купуялык саясатын жайгаштыруу менен, өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлап турабыз. Европа Биримдигиндеги жана Кыргыз Республикасындагы жеке маалыматтарга тиешелүү мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзөбүз.


Кайтарым байланыштар, акыркы жоболор

Купуялык саясатка байланыштуу маселелер боюнча www.gb.minfin.kg ресурсуна администраторлору менен gb.minfin.kg@mail.ru электрондук почтасы же +996 312 97-65-30, +996 702 53 11 10 телефондору боюнча байланышса болот. Эгерде сизди бул купуялык саясат ынандырбаса, анда сиз биздин www.gb.minfin.kg электрондук булагынын кызматынан колдоно албайсыз.