КУЛАКТАНДЫРУУ!
Урматтуу жарандар, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгына ылайык кээ бир айылдык аймактардын (АА) аталыштары өзгөртүлгөн. Бюджеттин долбоору жөнүндө маалымат алуу үчүн ААлардын жаңы аталыштарын колдонуңуз. Эгерде бул тиркемеде тиешелүү ААнын бюджети жөнүндө маалымат жок болсо, бюджеттик маалыматтын жайгашкан жерин тактоо үчүн тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылыңыз.
Жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулук принциптери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы:
- 37-берене.
6. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
- 111-берене.
5. ...
Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси:
- 13-берене.
Жергиликтүү бюджет - айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
- 126-берене.
Жарандык бюджет маалыматты жеткиликтүү жана жеңилдетилген формада берүүнү көздөйт.
Жарандык бюджет атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга мамлекеттик каржылар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Жарандык бюджетти ким, качан жана кантип түзөт?
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү бюджетти түзөт;
- Жарандык бюджет бюджет бекилгенден 15 календардык күндүн ичинде түзүлөт;
- Жарандык бюджет расмий маалыматтардын негизинде түзүлөт;
- Жарандык бюджетте жергиликтүү жамааттын артыкчылыктары чагылдырылат;
- Жарандык бюджет gb.minfin.kg колдонуу менен түзүлөт.