Жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулук принциптери жана ЖӨБ органадры тарабынан жарандык бюджет түзүү үчүн веб-багытындагы тиркеме
Жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулук принциптери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы:
37-берене.
6. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
111-берене.
5. ...
Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси:
13-берене.
Жергиликтүү бюджет - айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.
126-берене.
Жарандык бюджет маалыматты жеткиликтүү жана жеңилдетилген формада берүүнү көздөйт.
Жарандык бюджет атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга мамлекеттик каржылар жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет.
Жарандык бюджетти ким, качан жана кантип түзөт?
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү бюджетти түзөт;
Жарандык бюджет бюджет бекилгенден 15 календардык күндүн ичинде түзүлөт;
Жарандык бюджет расмий маалыматтардын негизинде түзүлөт;
Жарандык бюджетте жергиликтүү жамааттын артыкчылыктары чагылдырылат;
Жарандык бюджет gb.minfin.kg колдонуу менен түзүлөт.
Бул Жарандык бюджетке киргизилген маалыматтын тактыгы жана аны киргизүү мөөнөттөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу.
Тиркеменин иштөөсү жана ага кирүүгө байланыштуу маселелер боюнча gb.minfin.kg@mail.ru элетрондук адреси же +996 702 53 11 10 (Станислав), +996 770 77 11 14 (Азамат) телефону аркылуу байланышып техникалык колдоо алсаныздар болот.